Башкы беткеКоомОш шаарында 59 айым «Баатыр эне» аталды

Ош шаарында 59 айым «Баатыр эне» аталды

Ош шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүп, жалпы 119 энеге жогорку сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 59 энеге «Баатыр эне» ордени, ал эми 60 энеге «Эне даңкы» медалы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде энелердин коомдогу өзгөчө орду, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого кошкон салымы белгиленип, аларга жылуу каалоо-тилектер айтылды.

Иш-чаранын алкагында сыйлык ээлери үчүн концерттик программа уюштурулуп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Учурда Ош шаарында 695 эне «Баатыр эне» ордени, ал эми 313 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган. Муниципалитет көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү иштери мындан ары да туруктуу негизде улантыларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар