Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди расмий тосуп алды

Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди расмий тосуп алды

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди расмий тосуп алуу аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чара «Рух-Ордо» маданий борборунда өттү. Эки мамлекеттин лидерлери учурашкандан кийин ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, андан соң Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Ал

иев ардак кароол ротасынын катарын кыдырышты. Азербайжандын Президенти аскер кызматкерлерине «Салам, аскер!» деп кайрылып, алар менен учурашты. Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери улуттук зоот кийимчен этно-аскерлердин жанынан өтүштү.

Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты. Андан соң биргелешкен сүрөткө түшүү аземи уюштурулду.

Расмий тосуп алуу аземинен кийин Президенттер Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө боз үйгө жөнөштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар