Башкы беткеКоомОш менен Ганжа расмий түрдө достук шаарлар болушту

Ош менен Ганжа расмий түрдө достук шаарлар болушту

Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ош шаары менен Азербайжандын Ганжа шаарынын ортосунда достук шаарлар тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү макулдашуу Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушуулардын алкагында жетишилген.

Жанарбек Акаев белгилегендей, Ганжа тарыхы, маданияты жана байыркы шаар катары Ош шаарына окшош болгондуктан, эки шаар мындан ары туризмди өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү багытында биргелешип иш алып барат.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы мезгилде расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштурууну пландап жатышат. Бул кызматташтык эки шаардын ортосундагы достук мамилелерди бекемдеп, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар