Башкы беткеПрезидентКыргызстан менен Азербайжан эки тараптуу 13 документке кол койду

Кыргызстан менен Азербайжан эки тараптуу 13 документке кол койду

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда транспорт, энергетика, инвестиция, санариптештирүү, финансы жана гуманитардык багыттар боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Салтанатка президенттер Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышты. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана Мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары, эл аралык автоунаа каттамдары, энергетика тармагындагы кызматташтык, киберкоопсуздук, статистика, жүк ташуу, инвестициялык долбоорлор жана финансы рыногун өнүктүрүү боюнча макулдашуулар кабыл алынды.

Ошондой эле Ош–Гянжа, Каракол–Габала жана Чолпон-Ата–Шуша шаарларынын ортосунда боордош шаарлар байланышын түзүү боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Тараптар жетишилген келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар