Жогорку Кеңештин кароосуна жашы жете элек балдардын Кыргызстандан убактылуу чыгуусун жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору киргизилди. Документке ылайык, айрым учурларда баланы чет өлкөгө алып чыгуу үчүн экинчи ата-эненин нотариалдык макулдугу талап кылынбайт.
Мыйзам долбоору боюнча баланы дарыланууга, мектеп олимпиадасына, спорттук мелдешке, маданий же билим берүү иш-чарасына алып чыгууда бир ата-эненин нотариалдык макулдугу жана сапардын максатын ырастаган расмий документтер жетиштүү болот. Ошондой эле коштоп бара жаткан адам баланы белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча нотариалдык милдеттенме алышы керек.
Жеңилдетилген тартип ата-энесинин экөө тең Кыргызстандын жараны болгон учурда гана колдонулат.
Мындан тышкары, алиментти бир жылдан ашык төлөбөгөн ата-эненин макулдугусуз да баланы үч айга чейин чет өлкөгө алып чыгууга уруксат берүү сунушталууда. Бул үчүн сот аткаруучусунун эсебинин негизинде нотариалдык буйрук чыгарылышы керек.
Документтин авторлору азыркы учурда экинчи ата-эненин макулдугу айрым учурларда баланын чет өлкөгө дарыланууга, олимпиадага же башка иш-чараларга чыгуусуна тоскоолдук жаратып жатканын белгилешет.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда баланы белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга кайтарып келбегендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталган. Мындай учурда 100 миң сом айып пул салуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Ал эми 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө алып чыгууда экинчи ата-эненин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу мурдагыдай эле милдеттүү бойдон калат.



