Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 11–12-сентябрда Талас шаарында өткөрүлөт.
Ал эми 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ошол эле күнү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Мындан тышкары, жаңы “Бишкек Арена” спорт комплексинин ачылышы болуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий старт берилет.
Иш-чаранын алкагында оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, көрүүчүлөр үчүн концерттик программа тартууланат.



