Ош жана Баткен облустарындагы айылдарды өнүктүрүүгө багытталган «Менин айылым» долбоорунун жаңы этабы ишке ашырылат. Бул боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Долбоордун алкагында айылдардагы киреше алып келүүчү демилгелерди колдоо, буга чейин курулган объектилерди калыбына келтирүү жана жергиликтүү лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралган.
Жалпы каржылоо көлөмү 670 миң долларды түзүп, долбоор 2026–2027-жылдары Ош жана Баткен облустарында ишке ашырылат.



