Башкы прокуратура жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 171 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады.
Маалыматка ылайык, №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, ошондой эле «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери тиешелүү талаптарга жооп бербеген «Д.Т.» ЖЧКсын жол куруу иштерине субподрядчы катары мыйзамсыз тарткан.
Текшерүүдө аткарылган иштерди ырастоочу документтер жана кепилдик камсыздоосу жок болсо да, компаниянын эсебине ири көлөмдөгү бюджеттик каражат которулганы белгиленген. Ал эми каражаттар жол курууга эмес, башка максаттарга жумшалганы аныкталган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү» беренелери менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.



