Башкы беткеМаданият “Барсбек каган” тарыхый көркөм тасмасы көрсөтүлөт

 “Барсбек каган” тарыхый көркөм тасмасы көрсөтүлөт

Кыргыз элинин тарыхына арналган “Барсбек каган” аттуу тарыхый көркөм тасма 10-сентябрдан тартып көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма “Каганат” аттуу масштабдуу киноэпопеянын алгачкы бөлүгү болуп саналат. Аталган киноэпопея беш толук метраждуу тасмадан туруп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, улуттук баалуулуктарды жана маданий мурастарды чагылдырууну максат кылат.

“Барсбек каган” тасмасында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы маанилүү доорлордун бири көркөм баяндалат. Долбоор Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалган. Тасма 2026-жылдын 10-сентябрынан тартып өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Фильмди жаратууда заманбап кинематографиялык ыкмалар жана жасалма интеллект технологиялары колдонулуп, тарыхый окуяларды экранда кеңири жана таасирдүү чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар