Бишкек шаарында таэквондо боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн авиабилет алып берүү убадасы менен жарандарды алдаган деген шек менен 33 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 25тен ашык адам арыз менен кайрылып, шектүү алардан акча алып, убадасын аткарбаганын билдиришкен. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген материалдык чыгым 2 миллион 100 миң сомду түзөт.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Таэквондо ГТФ федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшаихов спортчулар Монголияда өтө турган Азия чемпионатына уча албай калганын айтып, коомчулуктан жардам сураган.



