6-августта, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Күндүз абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын облусунда +20…+25 градус болот.
Бишкек менен Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градуска чейин жетет.



