Башкы беткеКоомӨлкөдө 261 миң гектардан ашык аянттагы түшүм жыйналды

Өлкөдө 261 миң гектардан ашык аянттагы түшүм жыйналды

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыюу иштери кызуу жүрүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 261 миң гектар аянттагы түшүм жыйналып бүттү.

Анын ичинен 139 миң гектар буудай, 121 миң гектар арпа, 770 гектар жүгөрү жана 200 гектар чанактуу өсүмдүктөр орулду.

Облустар арасында эң жогорку көрсөткүчтү Чүй облусу көрсөтүп, пландын 50,8 пайызы аткарылды. Ош облусунда оруп-жыюу иштери 56,8 пайызга, Жалал-Абад облусунда 52,9 пайызга, ал эми Талас облусунда 10,9 пайызга аткарылды. Ысык-Көл жана Нарын облустарында түшүм жыйноо иштери уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар