Башкы беткеПрезидентПрезидент Кыргызстандын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексине кол койду

Президент Кыргызстандын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексине кол койду

Президент Садыр Жапаров Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, аталган Кодекс 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документтин негизги максаты — соода үчүн деңизде сүзүү тармагындагы мамилелерди жөнгө салуу жана Кыргызстандын деңизге чыга албаган мамлекет катары ачык деңизге жетүү жана деңизде эркин сүзүү укугун ишке ашырууга укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

Кодекс соода кемелеринин ишмердигин, деңиз аркылуу ташууларды, ошондой эле аларга байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2024-жылы Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга кошулган. Бул өлкөнүн деңиз транспорту жаатындагы эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кодекстин жоболору Кыргызстандын мамлекеттик туусу астында сүзгөн деңиз кемелерине, ошондой эле тиешелүү бөлүгүндө Ысык-Көлдүн акваториясындагы ички сүзүү кемелерине колдонулат.

Жаңы кодекс “Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам расмий жарыялангандан алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар