Жаңы окуу жылына карата 1-класстар үчүн «Алиппе» окуу-методикалык колдонмолору жана 3-класстар үчүн «Математика» иш дептеринин экинчи бөлүгү басылып чыкты.
Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 3-класстын «Математика» иш дептеринин 2-бөлүгү 100 миң 35 нускада, ал эми 1-класстар үчүн «Алиппе-наристе», «Алиппе жазуу жана боёо» жана «Алиппеге даярдык» колдонмолорунун ар бири 35 миң 700 нускадан жарык көрдү.
Учурда бул жаңы окуу-методикалык комплекстер өлкө аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерине жеткирилип жатат.



