VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясынын алкагында Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Омск облусунун Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Андрей Шпиленко менен жолугушту.
Тараптар аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Анын ичинде агроөнөр жай, өнөр жай кооперациясы, соода-логистика, билим берүү, илим, инновация, туризм жана гуманитардык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулду.
Аманкан Кенжебаев Омск облусунун ишкерлерин Ош облусунда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана анын Борбор Азия рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.
Ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү жана туристтик долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды. Жолугушуунун соңунда Омск облусунун делегациясы 2027-жылы өтө турган «Салам, Ош!» эл аралык туристтик фестивалына чакырылды.




