“Ала-Тоо Резорт” ААК лыжа трассаларын тейлөө үчүн алты заманбап ратрак сатып алат. Бул боюнча Германиянын Kässbohrer Geländefahrzeug AG компаниясы менен келишим түзүлдү.
Ишкананын маалыматына караганда, жаңы техникалар лыжа трассаларын даярдоого, аларды күн сайын тейлөөгө жана кардын катмарын талаптагыдай сактоого пайдаланылат.
Келишим боюнча курортко Kässbohrer компаниясынын PistenBully үлгүсүндөгү ратрактары жеткирилет. Бул техникалар дүйнөнүн белгилүү тоо-лыжа курортторунда колдонулуп, татаал тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыкталган.
Жаңы техникалардын келиши “Ала-Тоо Резорттогу” лыжа трассаларынын сапатын жакшыртып, коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.



