Башкы беткеКоомИИМ: Каннабис кошулган продукцияларды саткандар кармалды

ИИМ: Каннабис кошулган продукцияларды саткандар кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Instagram социалдык тармагындагы «kendir_too» баракчасы аркылуу курамында кара куурайдын компоненттери бар продукцияларды жарнамалап, саткан жарандардын ишмердигин токтотту.

Тинтүү учурунда «М» дүкөнүнөн курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар чай, ун, май, спрей жана витаминдүү капсулалар табылып, экспертизага жөнөтүлгөн.

6-августтагы экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган продукциялардын курамынан каннабис саманынын концентраты (марихуана) табылган. ИИМ белгилегендей, бул зат Кыргызстанда жүгүртүүгө тыюу салынган баңгизаттардын тизмесине кирет.

ИИМ жарандарды ишкердик менен алектенүүдөн мурда мыйзамдардын жана тиешелүү укуктук талаптардын ченемдери менен жакшылап таанышып, аларды так сактоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар