9-августта саат 21:42де Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогундагы күчү 3 балл болгон. Очок Нура айылынан 3 чакырым түндүк-батышта, Икизяк айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Ош шаарынан жер титирөөнүн очогу 135 чакырым түштүк-чыгышта болгон.
Силкинүү Нура жана Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.



