Ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү индексацияланып, пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 800 сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Маалыматка ылайык, пенсияларды индексациялоо 2026-жылдын 10-августундагы президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. Индексациянын эсептик коэффициенти 1,13тү түзгөнү менен, пенсионерлерди кошумча колдоо максатында камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленди.
Мында жогорулатуу 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөт.
Ошондой эле жаңы пенсия чектөөдө анын жалпы өлчөмү базалык бөлүктү эске алуу менен 8 800 сомдон төмөн болбойт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы керектөө бааларынын индекси 108,2 пайызды, орточо эмгек акынын өсүшү 117,6 пайызды түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 832,4 миң адамга жетет. Пенсияларды индексациялоого Социалдык фонддун каражаттарынан 4,4 млрд сом каралган.
Индексациядан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетери күтүлүүдө. Орточо жогорулоо 1 753 сомду түзөт.



