Башкы беткеКоомБаткенде 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Баткенде 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, Баткен районунда көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 36 энеге «Баатыр эне» ордени, 34 энеге «Эне даңкы» медалы ыйгарылды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада энелерди мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, алардын үй-бүлөгө жана коомго кошкон салымы белгиленди. Ошондой эле сыйлык ээлерине белектер тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар