Башкы беткеКоомЧоң-Алайда үч альпинистти издөө иштери уланууда

Чоң-Алайда үч альпинистти издөө иштери уланууда

Чоң-Алай районундагы Корумду чокусуна чыккан үч альпинист 2-августтан бери байланышка чыга элек. Бул тууралуу аларды издөө иштерин жетектеп жаткан беларусиялык альпинист Александр Смирнов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларусь жараны жана 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов 1-августта деңиз деңгээлинен 6613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыгышкан.

Альпинисттер 2-августта тоодон түшүүгө даярданып жатышканын, ал эми 4-августта белгиленген жерге жетерин билдиришкен. Бирок ошол күнү аларды тосуп алууга барган айдоочу альпинисттерди жолуктурган эмес.

Смирнов альпинисттер менен акыркы жолу 4-августта байланыш болгон деген маалымат туура эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, дайынсыз болуп жаткан үч адамдын тоодогу так координаттары да жок. Бул издөө иштерин бир топ татаалдаштырууда.

Ошондой эле 11-августта Корумду чокусунда кар жаашы күтүлүп жатканы айтылды. Аба ырайынын начарлашы издөө иштерине кошумча тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Издөө иштерине катышып жаткан Смирнов дайынсыз болгон альпинисттердин тажрыйбалуу экенин жана өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук чараларын билерин белгиледи.

Буга чейин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болгон альпинисттерди издөө үчүн атайын топ тартылганын билдирген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар