31-августта баш калаадагы «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыкка чыкты. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде масштабдуу шоу-программа тартууланат.
Билеттерди расмий ticket.gov.kg сайтынан сатып алууга болот.
Билеттин баасы секторуна жана отургучтун жайгашкан жерине жараша 5 миң сомдон 9 миң сомго чейин белгиленген.
Көңүл буруңуз! Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө жана кайра сатууга болбойт.
Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан, билет анын ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылган.



