Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү балдар музыкалык жана көркөм мектептерине берүү үчүн 1200 комуз жана ошончо санда коргоочу кап сатып алууга тендер жарыялады. Сатып алуунун жалпы баштапкы баасы 17,57 млн сомду түзөт.
Сатып алуунун шарттарына ылайык, бир комуз жана коргоочу каптан турган комплекттин баасы болжол менен 14,6 миң сом болот.
Техникалык талап боюнча комуздун жалпы узундугу 89 сантиметр, декасынын узундугу 39 сантиметр, туурасы 21 сантиметр, ал эми моюнунун узундугу 50 сантиметр болушу керек. Аспаптар жаңы, жаракасыз, сыныксыз жана деформацияланбаган абалда болууга тийиш.
Комуздун корпусу африкалык шабдаалы дарагынан, декасы карагайдан жасалып, кылдары капрондон болушу керек. Коргоочу каптын өлчөмү 90×23 сантиметр деп белгиленген.
Сатып алынган комуздар Кыргызстандагы ондогон балдар музыкалык жана көркөм мектептерине бөлүштүрүлөт. Алардын ичинен Чүй райондук балдар искусство мектебине 60, Жайыл райондук балдар музыкалык мектебине 55, Панфилов райондук балдар искусство мектебине 50, Токмок шаардык балдар музыкалык мектебине 50 аспап берүү пландалууда.
Айрым мектептерге 4төн 10го чейин комуз берилет. Мисалы, Куршаб балдар музыкалык мектеби төрт комуз алат.
Тендердин биринчи этабына чейин талапкерлер буюмдардын техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү үчүн комуздун кап менен кошо үлгүсүн тапшырууга тийиш.
Ошондой эле жеткирүүчү кеминде 17 млн сомдук окшош келишимди аткарган тажрыйбасын тастыкташы керек.
Документтерде жеткирүү мөөнөтү боюнча айырмачылык бар: сатып алуунун карточкасында 40 календардык күн, ал эми техникалык тапшырмада 60 календардык күн көрсөтүлгөн.
Комуздарга 12 айлык кепилдик берилет. Кепилдик мезгилинде кемчилик аныкталса, жеткирүүчү аны үч жумуш күнүнүн ичинде жоюуга милдеттүү. Төлөм бардык партия кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.



