Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда BARS электромобилдери чыгарыла баштайт

Кыргызстанда BARS электромобилдери чыгарыла баштайт

Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан электромобилдерди чыгаруучу завод ачууга даярданууда. Аталган өндүрүш Чүй облусунда 15 гектар жер тилкесине жайгаштырылып, алгачкы этапта унаалар ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен чыгарылат. Кийинчерээк майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүп, тетиктерди өзүбүздө өндүрүү каралган. Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарууну пландоодо жана алгачкы тапта 100 адам жумуш менен камсыздалат.

“Ишкана чыгарган товарлар ички рынокко сатылат жана Борбордук Азия, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолот”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда долбоорду ишке киргизүү боюнча 75 пайыз иштер аяктаган. Ишкана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишке кирет деп күтүлүүдө. Долбоор толугу менен демилгечинин жеке каражатынын эсебинен каржыланып, мамлекет жер тилкесин берип колдоо көрсөтөт. Бул ата мекендик машина куруу тармагын өнүктүрүп, экспорттук дареметти жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар