Кыргызстанда быйылкы жылдын январь-июль айларында өнөр жай тармагында 525,3 млрд сомдук продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2 пайызга көбөйгөн.
Өсүшкө өзгөчө химиялык продукция жана тазаланган мунай заттарын өндүрүүнүн көбөйүшү таасир этти. Бул тармактарда өндүрүш тиешелүүлүгүнө жараша 2,9 жана 1,8 эсеге өскөн.
Ошондой эле транспорт каражаттарын, курулуш материалдарын, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык продукцияларды чыгаруу, кен казуу тармагындагы көрсөткүчтөр жакшырган.
Мындан тышкары, фармацевтика, металлургия жана тамак-аш өнөр жайында да өндүрүш көлөмү өскөн.
Курулуш тармагында аткарылган иштердин көлөмү да жыл башынан бери 1,6 эсеге көбөйгөн.



