Башкы беткеКоомБишкекте оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Бишкекте жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Мэриянын маалыматына ылайык, чектөө 1-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда колдонулат.

Мындай чара жолдордун асфальт-бетон жабуусун ысыктан жана оор жүктөн улам бузулуудан сактоо, алардын кызмат мөөнөтүн узартуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Айдоочуларга жана транспорттук компанияларга жүк ташуу маршруттарын алдын ала пландап, оор унаалардын жүрүүсүн чектөө күчүндө болбогон убакытка жылдыруу сунушталат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар