Башкы беткеМинистрлер кабинетиОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулду

Онкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулду

Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган төрт заманбап ультраүндүү аппарат орнотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү аппараттарды сатып алууга каражат Президенттин Администрациясы тарабынан бөлүнгөн. Ар бир жабдуунун баасы 8 млн 400 миң сомду түзөт. Төрт аппараттын жалпы наркы 33 млн 600 миң сомго бааланган.

Жаңы жабдуулар дарыгерлерге ички органдардагы патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоого, шишиктерди изилдөөгө жана диагноз коюунун тактыгын жогорулатууга жардам берет. Андагы жасалма интеллект технологиясы шектүү өзгөрүүлөрдү талдоодо дарыгерлерге кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, аппараттардын жардамы менен борбордо алгачкы жолу эхокардиография — жүрөктү ультраүндүү изилдөө жүргүзүлөт. Бул өзгөчө химиотерапиядан өтүп жаткан бейтаптардын жүрөк-кан тамыр системасынын абалын көзөмөлдөө үчүн маанилүү.

Төрт аппараттын экөө бипландык датчиктер менен жабдылган. Алар органдарды бир эле учурда эки тегиздикте изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул технология простата безин жана жамбаш көңдөйүндөгү органдарды текшерүүдө колдонулат.

Жаңы жабдуулар борбордун диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бейтаптарды текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар