Бишкекте Борбор Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерине арналган биринчи аймактык форум өтүүдө. Анын ачылышына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.
Форумда сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков мындай аянтчалар өлкөлөр ортосундагы ачык диалогду өнүктүрүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Анын айтымында, инвестиция тартууда долбоорлорду сапаттуу даярдоо өзгөчө мааниге ээ. Анткени инвесторлор экономикалык модели так, тобокелдиктери бааланган, технологиялык жактан негизделген жана ишке ашыруу механизми ачык долбоорлорго кызыкдар.
«Биз келечектүү долбоорлорду даярдап, инвестиция тартууга даяр деңгээлге жеткирүү үчүн БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз», — деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары акыркы төрт жылда Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеп, форумдун алкагындагы талкуулар жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга жана аларды каржылоого жол ачарына ишеним билдирди.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана ишкерлер катышууда. Анда айыл чарба жана азык-түлүк өндүрүшү, санариптик технологиялар, чакан гидроэнергетика, фармацевтика, текстиль жана тигүү тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.


