Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясына барды.
Сапардын жүрүшүндө министр окуу жайдын ишмердүүлүгү, билим берүү программалары, материалдык-техникалык базасы жана илимий-практикалык иштери менен таанышты. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик билимин жогорулатуу багытындагы окутуу ыкмалары көрсөтүлдү.
Жолугушууда заманбап билим берүү технологияларын колдонуу, окуу программаларын өркүндөтүү жана ведомстволук билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай сапарлар Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана кадрларды даярдоо багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.


