Кыргызстанда аскер кызматчыларынын, күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин жана аскер пенсионерлеринин социалдык камсыздоосун жакшыртуу боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин акчалай камсыздоосу, ошондой эле айрым категориядагы пенсионерлердин пенсиясы жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 13-октябрда кол койгон.
Пенсиянын көбөйүшү ар бир пенсионер үчүн өзүнчө эсептелет. Анын өлчөмү кызмат өтөгөн жылдарына жана акчалай камсыздоонун курамдык бөлүктөрүнө жараша 5 миң 500 сомдон 13 миң сомго чейин болот.
Мындан тышкары, аскер пенсионерлерине коомдук транспортто акысыз жүрүү укугун берүү маселеси да каралууда.
Ош шаарында мындай жеңилдик 2026-жылдын 1-октябрынан тартып киргизилген. Ал эми Бишкекте бул маселе шаардык кеңештин кароосунда турат. Жеңилдикти 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда.
Сунушталган чаралар жалпы пенсия курагына жеткен аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине тиешелүү. Тактап айтканда, эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш курактык чеги белгиленген.
Көрүлүп жаткан чаралар аскер кызматкерлеринин жана көп жылдык кызматын Мекенди коргоого арнаган жарандардын социалдык кепилдиктерин кеңейтүүгө багытталган.


