Бишкектеги Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Кыргызстанда алгачкы жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды.
Бул процедура француз адистеринин катышуусунда өткөн эл аралык мастер-класстын алкагында жасалды. Иш-чарада жүрөк ритминин бузулушун дарылоонун заманбап ыкмалары көрсөтүлдү.
Маалыматка ылайык, операцияга саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов да катышты. Ал Жорж Помпиду атындагы Европа ооруканасынын профессору, француз эксперти Элуа Марижон менен биргеликте кардиостимуляторду имплантациялоо процедурасына катышкан.
Практикалык сессия түз эфирде көрсөтүлүп, анда төрт клиникалык учур сунушталып, адистер кардиостимуляторду орнотуу жол-жобосун реалдуу убакыт режиминде талкуулашты.
Иш-чарага Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, Abbott эл аралык компаниясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү кардиологдор катышты.
Электродсуз кардиостимулятор — салттуу аппараттардан айырмаланып, жүрөккө электрод аркылуу туташтырылбастан орнотулуучу чакан түзүлүш. Ал жүрөк ритминин айрым бузулууларын дарылоодо колдонулат.


