Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨтмөк, Төө-Ашуу жана Талдык ашууларында кар жаап жатат

Өтмөк, Төө-Ашуу жана Талдык ашууларында кар жаап жатат

Өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында кар жаап жаткандыктан, жол тейлөө кызматтары автожолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын себүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолду кардан тазалап, кум-туз аралашмасын себүүдө.

Ошондой эле Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, №9 Жол тейлөө мекемеси жолго тайгакка каршы аралашма сепкен. Учурда бул тилкеде каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Ош — Сары-Таш — Эркештам жолундагы Талдык ашууларында да кар жаап жатат. №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Министрлик аталган ашууларда жол ачык экенин жана унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалганын маалымдады.

Айдоочуларга тоолуу аймактарда жол тайгак болушу мүмкүн экенин эскертип, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу, ылдамдыкты азайтуу жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоо сунушталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар