Башкы беткеПрезидентПрезидент маегинде жаңы жагдайларды ачты - саясат таануучу

Президент маегинде жаңы жагдайларды ачты – саясат таануучу

                                                              

                                                                     

                                                                      Президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтокуновго берген 1,5 сааттык маеги коомчулукта кызуу талкууланууда. 

Маекке байланыштуу саясат таануучу Алмазбек Акматалиев өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, журналист маек учурунда бир катар маанилүү суроолорду көтөрүп,

президент да аларга ачык жооп берген.

«Али мырза бир топ маанилүү суроолорду даярдаган экен. Менимче, президент да болгонун болгондой, ачык жоопторду берди. Суроолор алдын ала президентке же анын басма сөз кызматына берилбегени да байкалып турду», — деп жазды Акматалиев.
Саясат таануучу маекте буга чейин коомчулукка белгисиз болгон бир нече жагдайлар айтылганын белгиледи. Өзгөчө президенттин Камчыбек Ташиев менен мамилеси жана сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Теңгиз Бөлтүрүккө байланыштуу маалыматтарга көңүл бурду. Акматалиевдин пикиринде, маек жакынкы убакта коомдук маалымат талаасында талкуулана берет.
Ошондой эле ал журналисттин президенттин ишине берген баасына өзгөчө токтолду. Али Токтокунов маек учурунда Садыр Жапаровдун ишине 10 баллдан 8 балл берерин айткан.
«Алидей ар бир коомдук окуяга сын көз менен караган, фактыларды мыкты талдай алган, ар дайым өз позициясы бар журналисттин мындай баа бергени — маанилүү окуя», — деп белгиледи саясат таануучу.
Акматалиев коомдо президенттин ишине карата ар кандай пикирлер бар экенин айтып, бийликтин ишин эмоцияга алдырбай, жетишкендиктери менен катар кемчиликтерин да калыс баалоо зарылдыгын белгиледи.
«Жакшыны жакшы деп, катаны ката деп айтып турганды үйрөнсөк, ар бир президент ошого ылайыкташа баштайт», — деп жыйынтыктады ал.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар