Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул маселе 17-августта Үрүмчү шаарында Кыргызстандын делегациясы менен Кытайдын “Sinopec” компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков “Sinopec” компаниясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугуп, Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүнү кеңейтүү жана кыргызстандык компаниялар менен түз байланыштарды түзүү маселелерин талкуулады.
Кыргызстандык делегациянын курамында мунай продуктулары менен иштеген 10дон ашык компаниянын жетекчиси бар. Алардын айрымдары “Sinopec” менен буга чейин келишим түзгөн.
Жолугушууда күйүүчү майды жеткирүүдө транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу жана соода жүгүртүү маселелери да каралды.
“Sinopec” өз кезегинде Кыргызстан менен буга чейин башталган долбоорлорду улантууга жана мунай тармагындагы кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.



