Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандын 2027–2031-жылдарга фискалдык саясатынын долбоору жактырылды

Кыргызстандын 2027–2031-жылдарга фискалдык саясатынын долбоору жактырылды

Бүгүн, 18-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору” каралды.

Баяндаманы финансы министри Руслан Суйналиев жасады. Жыйындын жүрүшүндө 2027–2031-жылдарга кирешелердин жана чыгымдардын параметрлери, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо маселеси, ошондой эле ар кандай багыттар боюнча мамлекеттик чыгымдар талкууланды.

Кеңири талкуудан кийин Кеңеш долбоорду бир добуштан жактырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар