Башкы беткеМинистрлер кабинетиКүз-кыш мезгилине даярдык: энергетикалык объектилер текшерилүүдө

Күз-кыш мезгилине даярдык: энергетикалык объектилер текшерилүүдө

Кыргызстанда энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгы күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү аймактарга чыгып, электр станциялары жана башка энергетикалык объектилердин техникалык абалын, жабдуулардын даярдыгын жана оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөөдө.

Текшерүүдө жабдуулардын жогорку жүктөмдө иштөөгө даярдыгына, керектүү материалдар менен запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө, кампалардагы отун жана жабдуулардын абалына өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, кызматкерлердин жетиштүүлүгү жана авариялык топтордун өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүүгө даярдыгы бааланууда.

Аныкталган кемчиликтер боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилип, аларды жоюунун мөөнөттөрү белгиленүүдө. Графиктен артта калуу фактылары аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Министрлик бул иштердин негизги максаты — күз-кыш мезгилинде энергетикалык объектилердин туруктуу иштешин камсыз кылып, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар