Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар салык органында каттоодон өтүп, мыйзамда белгиленген салык милдеттенмелерин аткарууга тийиш экенин эскертти. Бул тууралуу салык кызматы билдирди.
Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернеттеги жарнама, хостинг, маалыматтарды сактоо жана санариптик контентке жеткиликтүүлүк сыяктуу кызматтар кирет.
Чет өлкөлүк компаниянын Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүсү өзүнөн-өзү туруктуу мекеме түзүлгөнүн билдирбейт. Бирок мындай компаниялар салыктык каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Каттоо vat.salyk.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Компания катталганда бир эле учурда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары да эсепке алынат. Арыз Кыргызстанда ишмердикти баштаганга чейин берилиши керек.
Учурда электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарына жана компанияларына кызмат көрсөтүп, олуттуу киреше алып, бирок салыктык каттоодон өтпөй иштеп жаткан чет өлкөлүк уюмдар да аныкталган.
Салык кызматы коммерциялык банктар менен биргеликте жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгында ири акча жүгүртүүгө ээ болгон 11 чет өлкөлүк компанияны аныктаган. Алардын арасында Alibaba, Pinduoduo, Microsoft, Twitch, Valve, Sony Interactive Entertainment, Epic Games, Electronic Arts, VK, Telegram жана Dropbox бар.
2024–2025-жылдары бул компанияларга 15,9 млнго жакын акча которуу жүргүзүлүп, алардын жалпы көлөмү 13,2 млрд сомго жакындаган.
Эң ири которуулар Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. компаниясына — 8,89 млрд сом, Alibaba Group Holding Limited компаниясына — 2,83 млрд сом, Microsoft Corporation компаниясына — 1,01 млрд сом туура келген.
Салык кызматы аталган компанияларга Кыргызстанда салыктык каттоодон өтүү жана салык милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгы тууралуу бир нече жолу расмий эскертүү жөнөтүлгөнүн билдирди.
Эгер компаниялар талаптарды аткарбаса, салык органдары мыйзамда каралган чараларды көрөт. Анын ичинде тиешелүү компаниялардын электрондук сервистерине Кыргызстандын аймагынан кирүүнү чектөө маселеси боюнча башка мамлекеттик органдарга кайрылуу демилгелениши мүмкүн.



