«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди медициналык мекемелерге, анын ичинде алыскы аймактарга өз убагында жеткирүү үчүн 12 атайын унаа берилди. Унааларды тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Анын айтымында, калкты сапаттуу медициналык кызмат жана керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Берилген 12 унаанын алтоо Мамлекет башчысы тарабынан тапшырылган. Буга чейин «Кыргызфармациянын» өзүнүн автопаркы болбогондуктан, дары-дармектерди ташуунун бир бөлүгү жеке транспорттук компаниялар аркылуу жүргүзүлүп келген.
Маматкановдун белгилешинче, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда фармацевтикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 1,7 эсеге өскөн. Ал ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүп, импортко болгон көз карандылыкты акырындык менен азайтуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле ал 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУнун алкагындагы эл аралык иш-чаралар өтөрүн белгилеп, бул күндөрү саламаттык сактоо системасы күчөтүлгөн даярдыкта иштеши керектигин айтты.



