Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдин жумушчу жолугушуусунда сөз болду.
Тараптар майыптыгы бар адамдарды баалоодон баштап, медициналык реабилитациядан өткөрүү жана андан кийинки социалдык колдоого чейин бардык этаптарды өз ара байланышта уюштуруу маселесин талкуулашты.
Ошондой эле реабилитациялоо жана абилитациялоонун жеке программаларын (РАЖП) ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Министрликтердин маалыматына ылайык, майыптык белгиленгенден кийин түзүлүүчү РАЖП жөн гана кагаз жүзүндөгү документ болуп калбашы керек. Ал медициналык уюмдарда иш жүзүндө колдонулуп, ар бир адамдын жеке муктаждыгына жараша кийинки реабилитациялык жардамдын багытын аныктоого тийиш.
Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо жана Эмгек министрликтери реабилитациялык жардам көрсөтүүнүн азыркы механизмдерине биргелешип баа берип, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну пландашууда.



