VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын маалыматтык жактан чагылдырууну борборлоштурулган координациялоо үчүн атайын медиа-штаб түзүлдү. Анын курамына иш-чарага тартылган бардык мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү кирди. Учурда масштабдуу этноспорттук иш-чараны чагылдыруу үчүн 700гө жакын жергиликтүү жана 250 чет элдик журналист аккредитациядан өттү.
Бирдиктүү маалыматтык түзүмдүн негизги милдеттери — журналисттердин ишин уюштуруу, логистикалык маселелерди чечүү жана текшерилген маалыматтарды ыкчам берүү. Иш-чаралар өтүүчү негизги жайларда атайын басма сөз борборлору иштейт. Ачылыш аземинин күнү пресс-борбор «Бишкек Аренада», ал эми Ысык-Көлдө ЖМК өкүлдөрү «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде жана «Кырчын» жайлоосунда кабыл алынат.
Мелдештер учурунда медиа-штаб күнү-түнү иштеп, расмий фото, видео жана тексттик материалдарды жарыялап турат.
Өзгөчө көңүл жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө жана күтүүсүз кырдаалдарда ыкчам маалымат берүүгө бурулат. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда маалымат тез арада чогултулуп, тиешелүү кызматтар менен текшерилип, макулдашылгандан кийин коомчулукка жеткирилет.
Мындай бирдиктүү медиа түзүм социалдык тармактардагы жалган маалыматтарды өз убагында аныктап, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон көрүүчүлөрдү Көчмөндөр оюндары тууралуу расмий жана так маалымат менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — көчмөн цивилизациялардын этноспортун, салт-санаасын жана маданий мурасын сактоого жана кайра жандандырууга багытталган эл аралык ири долбоор. Аны өткөрүү демилгесин 2012-жылы Кыргызстан көтөрүп, 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы үч оюнду ийгиликтүү өткөргөн.
Кийин оюндарды өткөрүү эстафетасын башка өлкөлөр уланткан. 2022-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында, ал эми 2024-жылы V оюндар Казакстанда өткөн.
Салтка айлангандай эле, мелдештердин программасына ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү, жаа атуу жана интеллектуалдык мелдештер сыяктуу улуттук спорттун негизги түрлөрү кирет. Алар масштабдуу этномаданий фестиваль менен коштолот.



