Бүгүн, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө “Миң-Жар” ирригациялык каналынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, каналды аймактын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу чоң кадам деп баалады.
Жалпы узундугу 5,4 км болгон каналдын курулушуна 6,8 млн сом жумшалды. Анын эсебинен Кашка-Суунун 1082,25 гектар жайыты сугат айдоо жерге айланып, 8 суу бөлүштүргүч аркылуу дыйкандарга суу берилет.
Долбоор Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен, “Бай-Таш Констракшн” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган.



