Башкы беткеМинистрлер кабинетиАлыскы Сары-Могол айылында таза суу долбоору ишке ашырылууда

Алыскы Сары-Могол айылында таза суу долбоору ишке ашырылууда

Ош облусунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Могол айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча инфраструктуралык долбоордун алкагында курулуш иштери жүрүп жатат.

Долбоордун жүрүшүн талкуулоо жана техникалык маселелерди ыкчам чечүү максатында Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жана подряддык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, учурда пландалган 1,52 чакырым суу өткөргүчтүн 1 чакырымы, ал эми жалпы узундугу 9,97 чакырым болгон ички суу тармагынын 2,5 чакырымы тартылды.

Ошондой эле суу сактоочу резервуар курула турган жер тилкесине тиешелүү мамлекеттик акт таризделип, долбоорлоочу уюмга өткөрүлүп берилди. Курулуш иштерине учурда 2 экскаватор, 1 атайын техника жана 8 адис тартылган.

Долбоордун негизги максаты — Сары-Могол айылынын тургундарын таза жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылып, айылдын суу менен камсыздоо инфраструктурасын жакшыртуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар