Акыркы 5 жарым жылда бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү өстү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 1991-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бюджетке жалпы 452,7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн.
Ал эми 2021-жылдан 2026-жылдын жети айына чейинки аралыкта бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү.




