Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык дан жыйналды

Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар дан эгини жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү да жогорулады. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүп, өткөн жылдагы 24,8 центнерге салыштырмалуу өстү. Айрыкча буудайдан жакшы түшүм алынууда. 205,7 миң гектар буудай жыйналып, 617,5 миң тонна түшүм алынды.

Аймактар арасында Чүй облусу алдыда болуп, бул жерде 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда 204 миң тонна дан бастырылды.

Мындан тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери да уланууда. Учурда 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды. Түшүм жыйноо иштери өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар