Бүгүн, 21-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердигинин жыйынтыктары боюнча өткөн коллегия жыйынына катышты.
Жыйында министрликтин отчеттук мезгилдеги ишинин негизги жыйынтыктары, ошондой эле эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды.
Коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик программаларды жана калкты социалдык колдоо чараларын ишке ашыруу, жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, жарандардын эмгек укуктарын коргоо жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жарандардын социалдык жактан корголушун камсыз кылуу, иш менен камсыз болууга шарт түзүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча системалуу иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз сөзүндө ал жакырчылыктын деңгээли, жөлөкпулдарды төлөө, жумушсуздук, эмгек миграциясынын абалы, майыптыкты аныктоо, психоневрологиялык жана социалдык стационардык мекемелердин абалы, социалдык кызматтар тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтардын деңгээли жана министрликтин системасындагы коррупциялык тобокелдиктерге токтолду.
«Өзгөчө медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) ишине токтолуу зарыл. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында МСЭКтин өкүлдөрү жарандардан майыптыкты белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу үчүн системалуу түрдө акча алып келген деген шек менен кармалган. Бул — абдан олуттуу белги.
Ведомствого ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар жана мамлекеттин колдоосуна муктаж адамдар кайрылышат. Мындай адамдын оор абалынан пайда табууга аракет кылуу социалдык системада таптакыр жол берилгис көрүнүш.
Майыптыгы бар адамга карата социалдык саясат жөлөкпул төлөө менен гана чектелбеши керек. Ага реабилитациядан өтүү, билим алуу, кесипке ээ болуу, иштөө жана коомдук турмушка толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү зарыл.
Ошол эле учурда МСЭК системасында реформа башталды. Буга чейин талап кылынган документтердин саны алтыдан экиге чейин кыскартылып, система “Түндүк” менен интеграцияланды. Эми майыптык тууралуу маалымкатты жана реабилитациялоонун жеке программасын онлайн алууга болот. Бул колдоого татыктуу. Эми биз жыйынтыгын көрүшүбүз керек», — деди Улан Маматканов.
Ошондой эле ал бардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардагы коррупциялык тобокелдиктерди кайрадан талдап, акыркы үч жылда аймактар боюнча түшкөн даттанууларды карап чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары, психоневрологиялык жана социалдык стационардык мекемелердин бардыгын комплекстүү текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Улан Маматканов министрликтин аймактык жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине мамлекеттик колдоо жана кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган жарандарга урмат-сый менен, көңүл буруп мамиле кылуу зарылдыгын эскертти.
Коллегиянын жүрүшүндө Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата жөлөкпул алуучулардын саны 2024-жылдын башындагы 392 миңден 274 миңге чейин азайганы белгиленди.
Президенттин демилгеси менен 2022-жылы башталган социалдык контракт программасы да жакшы жыйынтык көрсөтүп жаткан багыттардын бири катары белгиленди. 2022–2025-жылдары программага 48 миңден ашык үй-бүлө катышкан. Быйыл дагы 13 миң 334 үй-бүлөнү камтуу пландалууда.
Президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы жарлыгына ылайык, 1-апрелден тарта социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылган.
Министрликтин бюджети 2021-жылдагы 12 млрд сомдон 2026-жылы 25,4 млрд сомго чейин көбөйгөн.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында «Бала ырысы» жөлөкпулу 191 миң 796 балага дайындалган. Алардын 83 пайызы жөлөкпулду мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта алышкан.
Жыйынтыгында министрликке бир катар тапшырмалар берилип, мындан аркы иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталды.



