Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өтүшү менен куттуктады

Садыр Жапаров Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өтүшү менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында жаңы курамдагы Курултай Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга салым кошоруна ишеним билдирилген.

Садыр Жапаров Токаевдин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга жана Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүнө багытталганын белгилеген.

Ошондой эле президент кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары да бекемделип, эки элдин кызыкчылыгына жана Борбордук Азиядагы тынчтык, туруктуулук менен өнүгүүгө кызмат кыларын билдирген.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Казакстандын элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар