Башкы беткеМинистрлер кабинети30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр өлкөдө өтө турган мамлекеттик маанидеги ири иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында киргизилүүдө.

Бишкекте чектөө “Манас” эл аралык аэропортунан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, ошондой эле Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл баатыр жана Б. Алыкулов көчөлөрүнө тиешелүү болот.

Чүй облусунда айрым негизги унаа жолдорунун тилкелеринде, ал эми Ысык-Көл облусунда “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдордо кыймыл чектелет.

Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү машыгууларына байланыштуу “Бишкек Арена” стадионуна жакын аймактарда жол кыймылы мезгил-мезгили менен чектелип, айрым тилкелер жабылууда.

ИИМ шаар тургундарын жана конокторун коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылып, сапарларын алдын ала пландап алууга чакырды.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ошондой эле 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өткөрүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар