Бишкекте Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, жол 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин жабык болот.
Чектөө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Айдоочуларга жабылган тилкени эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.



