Кыргызстандын делегациясы 26-августта БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттер үчүн өткөргөн брифингине катышты. Жыйында Уюмдун тынчтыкты сактоо ишмердигинин бардык формаларынын келечегине арналган баяндама тааныштырылды.
Брифингдин жүрүшүндө БУУнун тынчтыкты сактоо ишмердигин заманбап чакырыктарга ылайыкташтыруу боюнча сунуштар айтылды.
Анда тынчтыкты орнотуу жана алдын алуучу дипломатияны күчөтүү, тынчтыкты сактоо операцияларынын мандаттарын өркүндөтүү, кабыл алуучу мамлекеттер менен өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле өткөөл мезгилдерди алдын ала пландаштыруу, операциялардын ыкчам даярдыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу, аймактык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.
Кыргыз тарап сунушталган өзгөртүүлөр мүчө мамлекеттердин жетекчилиги алдында ишке ашырылышы керектигин белгиледи. Ошол эле учурда БУУнун тынчтыкты сактоонун негизги принциптери сакталып, саясий чечимдерге артыкчылык берилиши зарылдыгы айтылды.
Кыргызстан БУУнун тынчтыкты сактоо ишмердигине мындан ары да практикалык салым кошууга даяр экенин ырастады.
Кыргыз тараптын пикиринде, тынчтыкты сактоо операцияларынын натыйжалуулугу алардын саясий жөнгө салууга көмөктөшүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга кошкон салымы менен бааланышы керек.




