Башкы беткеКоомДепутат Салтанат Аманова Кара-Суу районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Депутат Салтанат Аманова Кара-Суу районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында иш сапары менен болду. Эл өкүлү Жылкелди айылындагы бала бакчалардын, мектептин жана маданият үйүнүн абалын көрүп, мурда берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышын текшерди.
Ошондой эле депутат Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ак халаттуулары менен жолугушту. Сүйлөшүүдө калктын өсүшүнө жараша жаңы ҮДТ имараттарын куруу, күнү-түнү иштеген травматологиялык пункттарды, балдардын тиш поликлиникасын ачуу жана мамлекеттик диагностикалык лабораториялардын жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөр көтөрүлдү.
Өз кезегинде дарыгерлер 300 орундуу жаңы корпустун ачылышы ишти кыйла жеңилдеткенин билдиришип, учурда кышка даярдык жигердүү жүрүп жатканын маалымдашты. Депутат Салтанат Аманова медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу үчүн тыгыз кызматташуу керектигин айтып, көтөрүлгөн чарбалык маселелерди чечүүгө көмөктөшөрүн убадалады.
  

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар